Бишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдөАла-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин бойлой монорельс куруу каралуудаКыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологияларБакытбек Адылов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиAsman Airlines беш жылда учактарынын санын 10го жеткирүүнү пландоодо
Бишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталды
11.11.2026 | 16:46

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасынын (U-17) башкы машыктыруучусу Игорь Кудренко Азия кубогунун тандоо баскычына катыша турган акыркы курамды аныктады. Тизмеге 23 футболчу кирди, алардын үчөө дарбазачы.
Тандоо турнири Бишкекте төрт команданын катышуусунда өтүүдө. Кыргызстандын курамасынын атаандаштары — Монголиянын, Түндүк Мариана аралдарынын жана Йемендин курама командалары.
Тизмеге футбол дүйнөсүндөгү белгилүү адамдар менен байланышы бар эки дарбазачы кирди. Алар — Кыргызстандын мурдагы дарбазачысы Валерий Кашубанын уулу Артём Кашуба жана Азия футбол конфедерациясынын мелдештер башкармалыгынын директору Павел Лузановдун уулу Давид Лузанов.
Курама команданын тизмеси:
- Дарбазачылар: Артём Кашуба, Байэл Шейшенбеков, Давид Лузанов;
- Коргоочулар: Алихан Субанов, Наиль Болотов, Эмир Эмильев, Эрхан Камалбеков, Бектур Асанбеков, Алихан Арынов, Канатбек Рахатов, Умар Темирбеков;
- Жарым коргоочулар: Алдос Касымов, Байазат Сагынов, Ариет Абилов, Баяман Таштемиров, Эржан Аскербеков, Нуртай Айтбаев, Умар Култаев;
- Чабуулчулар: Байэл Мирланов, Рахматулло Хакимов, Азизхон Ходжаев, Салават Алимжанов, Алымбек Исаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: футбол