УКМК Нарын районунда 1346 гектар катталбаган жерди аныктады

Нарын районунда айыл чарба багытындагы 1346 гектар катталбаган жер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Жерлерди комитет тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында ведомстволор аралык комиссия аныктаган.
УКМКнын маалыматына караганда, бул жерлер чабынды, кайрак жана сугат айдоо жерлери, ошондой эле калктуу конуштардын жерлери болуп саналат. Алардын басымдуу бөлүгүн жарандар 20 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишимин түзбөстөн, акысыз пайдаланып келишкен.
УКМК белгилегендей, жерлерди мыйзамдуу жүгүртүүгө кайтаруу жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшүрүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жерди ак ниет пайдаланган адамдарды тартууга шарт түзөт. Ошондой эле бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көмөктөшөт.