Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин бойлой монорельс куруу каралууда

11.11.2026 | 16:05
Мэрия рассматривает строительство монорельса вдоль рек Ала-Арча и Аламедин — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой жер үстүндөгү транспорттук системаны (монорельс) куруу долбоору каралууда. Борбор калаанын мэриясында Кытайдын BYD компаниясынын өкүлдөрү менен долбоорду ишке ашыруу маселери талкууланган.

Мэриянын маалыматында, жолугушууда кытайлык компаниянын өкүлдөрү «SkyShuttle» автоматташтырылган транспорттук тутумун сунушташкан. Тараптар долбоордун техникалык параметрлерин, шаардын климаттык шарттарын эске алуу менен системаны куруу жана пайдалануу тартибин, ошондой эле каржылоо механизмдерин карап чыгышкан

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында каттамдын багытын изилдөө жана долбоорду иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү макулдашылган.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, «BYD Smart Transportation (Hong Kong) Limited» компаниясынын башкы менеджери Ли Лянлян, аткаруучу орун басары Йонгфей Чжан, башкы менеджер Сика Хуан, компаниянын адиси Юй Чжуджун жана мэриянын транспорт, санариптик технологиялар боюнча өкүлдөрү катышкан.

Scroll to Top