Бакытбек Адылов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

11.11.2026 | 15:20
Бакытбек Адылов подал в ЦИК заявление об участии в президентских выборах — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 11-ноябрда, Бакытбек Адылов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу комиссия билдирди.

44 жаштагы Адылов буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри, Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген. 2020-жылы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу эртең, 12-ноябрда, аяктайт. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу арызы менен БШКга жети жаран арыз берген. Алар: Аймен Касенов (14-октябрда), Азамат Эсенбеков (27-октябрда), Сыймык Жапыкеев (28-октябрда) жана Акай Кыдыров (4-ноябрда), Исхак Масалиев (6-ноябрда), Бактыбек Калмаматов жана учурдагы президент Садыр Жапаров.

Теги: БШК, шайлоо
Scroll to Top