Бишкекте Башкы прокуратуранын жанында өзүнө өрт койгон жаранды алдоого айыпталган жаранды сот камактан бошоткон. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, өзүн өрттөгөн М.Э. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, ушул ишке барган. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя Октябрь райондук милициясы тарабынан териштирилүүдө.
Белгилүү болгондой, буга чейин М.Э. Октябрь райондук милициясына М.А. уулу аттуу жарандын үстүнөн арыз жазып, 63 миң сомдук унаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алганын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, М.А. уулу кармалган. 2024-жылы 4-декабрда иш соттун кароосунда жөнөтүлгөн.
Бирок Октябрь райондук соттун судьясы прокурордун айыпталуучу М.А. уулуну камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, камактан бошоткон.
«Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпталуучуну кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет», — деп билдиришти прокуратурадан.
Ошондой эле Башкы прокуратура билдиргендей, өзүнө өрт койгон М.Э. менен И.А. аттуу жаранга эки киши (А.Т. жана А.К.) Бишкектин Осипенко көчөсүндөгү камакта турган үйдү алдоо жолу менен 500 миң долларга сатып жиберген факты боюнча кылмыш иши тергелүүдө, аталган фактылар алардын көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, 20-январда Бишкекте 30 жаштагы жигит (М.Э.) Башкы прокуратуранын жанында өзүнө өрт койгон. Ал жигит шылуундарга алданып калганын билдирип буга чейин эки факт боюнча милицияга арыз жазганы белгилүү болгон. Бир арызы боюнча шектүү кармалып, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок кийинчерээк айыпталуучу камактан бошотулган. Экинчи арызы боюнча милиция кылмыш ишин козгогон эмес.
Биринчи арыз боюнча айыпталуучунун кое берилгени, экинчи арызы боюнча кылмыш иши козголбогондугу анын өзүнө өрт коюусуна себеп болгон.
Бишкекте 30 жаштагы жигит өзүнө өрт койду, милиция себебин айтты