Садыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирди

Президент Садыр Жапаров азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда, Анкара шаарында өткөн уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитинде билдирди.
Садыр Жапаров өз сөзүндө «Тамчы» финансылык-инвестициялык аймагы жөнүндө айтып, боордош мамлекеттердин бизнес өкүлдөрүн аймактын потенциалын колдонууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Мындаш тышкары ал «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун Каспий деңизи аркылуу Орто коридор менен байланыштыруу, жүк ташууну тездетүү жана чек ара жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарылдыгын айтты.
Климатты коргоо жаатында Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн эришине каршы чараларды көрүүгө токтолуп, БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча фонд түзүү демилгесин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан 2027-жылы уюмдун экология министрлеринин жыйынын өткөрүүгө даяр экени белгилеп, өлкө башчыларын 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине чакырды.
Ошондой эле президент Кыргызстанда Санариптик кодекс кабыл алынганын билдирип, Жогорку технологиялар паркынын базасында түрк тилдеринде жасалма интеллектти өнүктүрүүнү колдоп чыкты.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Башкы катчылык кызматы аяктаган Кубанычбек Өмүралиевге ыраазычылык билдирип, жаңы жетекчи Мирвохид Азимовго ийгилик каалады. Президент Түркиянын 2027-жылдагы төрагалыгын куттуктап, 2027-жылы Кыргызстанда ТМУнун бейформал саммитин өткөрүүнү сунуштады.