Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргизди

04.11.2026 | 15:47
Теперь можно сообщать о нарушениях закона: МВД запустило бот «Мыйзамбек» — Новости Кыргызстана

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды алуу максатында «Мыйзамбек» виртуалдык жардамчысын сыноо режиминде ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бот «Телеграм» мессенджеринде иш алып барат. Жарандар аталган система аркылуу экологиялык жана экономикалык кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызмат адамдарынын аракеттери, кызматтык абалынан пайдалануу, пара талап кылуу жана коррупция фактылары боюнча маалымат жөнөтүп, кеңеш ала алышат.

Түшкөн маалыматтар каралып, мазмунуна жараша ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жана Ички иликтөө кызматына жиберилет. Кайрылган жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилет.

Системаны колдонуу үчүн EGOV.KG порталындагы Ички иштер министрлигинин сайтына кирип, «интеллектуалдык жардамчы» бөлүмүн тандоо керек. Андан соң «Мыйзамбек» ботуна өтүп, билдирүү калтырууга болот.

Теги: ИИМ
Scroll to Top