Мамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскерттиНепалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айтты
Бишкекте Вера Брежнованын концерти токтотулду
15.02.2024 | 09:58
Бишкекте 18-февралга пландалган Вера Брежнованын концерти токтотулду. Бул тууралуу kassir.kg кабарлайт.
Украинанын артистти Suzie Wong клубунда ырдамак.
“Техникалык себептерден улам концерт токтотулду. Билеттер кайтарылып берилет”, – дейт оператор.
Вера Брежнова 17-18-февраль күндөрү Астана жана Алмата шаарларында концерт коет.
Ага чейин Казакстанда Валерий Меладзенин пландалган концерти токтотулган.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын каршылыгынан кийин Бишкекте Моргенштерндин концерти болбой калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом