Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Тибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты
28.08.2026 | 14:39

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын Тибет автономдуу районунун Гьиронг уездинде болуп өткөн сел кырсыгына байланыштуу Кытай төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Аталган кырсык жүздөгөн адамдардын каза болушуна жана дайынсыз жоголушуна алып келди.
Президенттик администрация жарыялаган көңүл айтуу телеграммасында Садыр Жапаров каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айткан.
“Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат катта.
Эске салсак, 26-августта Кытай менен Непалдын чектешкен аймагында ири сел жана жер көчкү жүрүп, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келди. Учурда кеминде 460 адам каза тапканы, 900дөн ашык адамдар дайынсыз болуп жатканы айтылууда. Алардын арасында чет өлкөлүк туристтер да бар. Учурда кырсык болгон аймактарда издөө иштери улантылууда.