Кыргызстанда камсыздандыруу компаниялары жарым жылда 5,6 млрд сом чогултуп, 1 млрд сомдон ашык төлөп беришти

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын камсыздандыруу компаниялары 1,37 миллиондон ашык келишим түзүштү. Келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 5,64 млрд сомду түзсө, катталган 19,1 миң камсыздандыруу учуру боюнча төлөнгөн каражаттын көлөмү 1,17 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Рыноктун негизги үлүшүн ыктыярдуу камсыздандыруу ээлейт: ага 4,33 млрд сом төгүм жана 800,3 млн сом төлөм туура келген. Мында жарандар жана бизнес өкүлдөрү эң көп компенсацияны мүлктү камсыздандыруу багыты боюнча алышкан — ал 660 млн сомдон ашты.
Ал эми милдеттүү камсыздандыруу сегментинде компаниялар 1,3 млрд сом чогултушту. Бул багытта автожарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу талашсыз лидер бойдон калууда: унаа ээлери дээрлик 338 миң полис тариздешкен, ал эми жол кырсыктары боюнча төлөмдөр 329,5 млн сомду түздү.