Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Бишкектеги Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» башталды
26.08.2026 | 09:45

Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» ачылды. Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоо максатында уюштурулган. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жумалыктын алкагында «Салттардын өрүлүшү: Нанкин парчасы менен Борбордук Азия кийизинин диалогу» көргөзмөсү ачылды. Ошондой эле «Нанкинди окуйбуз» аттуу китеп бурчу түзүлүп, Улуттук китепкананын фондуна китептер тапшырылды.

Министрлик бул долбоор адабият, искусство жана кол өнөрчүлүк жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөй турганын билдирди. Жумалыктын алкагында соода-маданий алмашуу иш-чаралары улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият