Непалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айтты

28.08.2026 | 14:54
Непалдагы табигый кырсыкка байланышуу Садыр Жапаров Рам Чандра Пауделге көңүл айтты — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров Непалдын чек ара аймагында болгон сел кырсыгына байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Табигый кырсык жүздөгөн адамдардын каза болушуна жана дайынсыз жоголушуна алып келди. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Садыр Жапаров көңүл айтуу катында кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

"Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. 
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, 26-августта Кытай менен Непалдын чектешкен аймагында ири сел жана жер көчкү жүрүп, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келди. Учурда кеминде 460 адам каза тапканы, 900дөн ашык адамдар дайынсыз болуп жатканы айтылууда. Алардын арасында чет өлкөлүк туристтер да бар. Учурда кырсык болгон аймактарда издөө иштери улантылууда.

Scroll to Top