Жактоочу Канат Хасановдун тишин сындыра урган адам кармалды

Жактоочу Канат Хасановдун тишин сындыра урган адам кармалды

Бишкекте жактоочу Канат Хасановдун тишин сындыра урган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Канат Хасанов «Фейсбуктагы» баракчасына ага белгисиз бир жаран кол салып, тишин сындыра урганын жазган.

Хасанов билдиргендей, анын кардары болгон түркиялык жаран чалып, белгисиз адамдар акча опузалап жатканын айткан. Ал чакырылган жерге барып, чырды жөнгө салууга аракет кылган. Бирок келгендердин бирөө ага сол салып, тишин сындыра урган. Андан кийин ал адам милицияга телефон чалып, ага Канат Хасанов менен жанындагы балдар кол салганын билдирген. Андан кийин милицияга арыз жазган. Натыйжада Хасанов да милицияга арыз жазган.

Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, 25-сентябрда «102» кызматына Профсоюзная менен Каракум көчөлөрүнүн кесилишинде чыр болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, окуяга катышкан жарандар милицияга жеткирилген. Ал жактан Канат Хасанов 38 жаштагы Ж.Д. аттуу жарандын үстүнөн арыз жазган. Улуттук Госмиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн маалымкатына ылайык, Хасановдун маңдайдагы үстүңкү тиши сынган.

Өз кезегинде 38 жаштагы Ж.Д. аттуу жаран Канат Хасановдун жанындагы адамдардын үстүнөн милицияга арыз жазган. Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасынын маалымкаты боюнча, ал башынын төбөсүнө сокку жеген деп кайрылган.

Жыйынтыгынжа Ж.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>