Бишкектеги №6 төрөтканадагы чыр: дарыгерлер бейтаптын айыптоолоруна жооп беришти

03.11.2026 | 09:34
Бишкектеги №6 төрөтканадагы чыр: дарыгерлер бейтаптын айыптоолоруна жооп беришти — Новости Кыргызстана

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда (№6 төрөткана) медициналык мекемеге нааразылыгын билдирген кош бойлуу келиндин социалдык тармактарда тараган видеокайрылуусу боюнча Reporter.kg басылмасына комментарий беришти.

Оорукана жетекчилиги бейтапка бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, бирок ал бөлүмдө жаткан учурда бир нече ирет чыр-чатактар жаралып, милиция чакырууга туура келгенин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган келин Перинаталдык борбордо 31-октябрдан 2-ноябрга чейин жаткан. Ооруканага түшкөндө ал ичинин ылдый жагы тартышып ооруп жатканына, ал эми кийинчерээк каканак (түйүлдүк) суусу агып жатышы мүмкүн экендигине даттанган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы эмнени көрсөттү?

Мекеменин маалыматы боюнча, бейтап жаткан мезгилде андан кандын жана зааранын жалпы анализи алынып, УЗИден өткөрүлгөн, кан басымы көзөмөлдөнүп, кынында каканак суусунун бар-жогу текшерилген.

Дарыгерлер билдиргендей, текшерүүлөрдө эч кандай олуттуу четтөөлөр аныкталган эмес. Каканак суусунун көлөмү нормага ылайык келген, ал эми суунун агып чыгуусун текшерген эки атайын тест тең терс жыйынтык көрсөткөн.

Администрация бейтаптын даттанууларын эске алуу менен бардык керектүү диагностикалык иш-чаралар жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. Андыктан борбор медкызматкерлер тарабынан көңүл бурулбады жана жардам көрсөтүлбөдү деген сөздөрдү чындыкка дал келбейт деп эсептейт.

Бөлүмдөгү чыр-чатактар жана милиция чакыруулар

Ошону менен бирге Перинаталдык борбор аталган бейтаптын катышуусунда бир нече жолу чыр-чатак чыкканын маалымдады.

Медицина кызматкерлеринин жана кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмүндө жаткан башка аялдардын айтымында, келин агрессия көрсөтүп, дарыгерлерге жана айланасындагыларга доомат арткан, ошондой эле бычак колдонуу менен кол салам деп коркуткан.

Ооруканадан билдиришкендей, бул окуялардан улам кызматкерлер жана башка бейтаптар укук коргоо органдарын бир нече ирет чакырууга аргасыз болушкан. Жетекчиликтин айтымында, айрым кош бойлуу аялдар өздөрүнүн коопсуздугунан чочулап, бөлүмдө тынч жата албай калышкан.

Мындай жаңжалдардын шартында администрация келиндин абалына баа берүү жана ага кандай жардам керектигин тактоо үчүн Республикалык психикалык ден соолук борборунун (РПДБ) адистерин тартууну чечкен. Расмий маалыматта адистер кош бойлуу аялды дарыланууга мажбурлап алып кете албастыгы белгиленген.

Бейтап эмне үчүн ооруканадан чыгарылган?

2-ноябрда келин Перинаталдык борбордон чыгарылган.

Администрация түшүндүргөндөй, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы аны акушердик стационарда андан ары көзөмөлдөөгө эч кандай медициналык көрсөтмө жок экенин көрсөткөн. Бейтапка Республикалык психикалык ден соолук борборунан кошумча консультация алуу сунушталган.

Оорукана жетекчилигинин колундагы маалымат боюнча, чыгарылгандан кийин келин башка төрөт үйлөрүнө да кайрылган. Бирок, билдирүүдө айтылгандай, ал жактан да дарыгерлер аны ооруканага жаткырууга негиз таба алышкан эмес.

Видеокайрылуу тарагандан кийин төрөткананын жетекчилиги чыр-чатактын бир тарабынын гана билдирүүсүнө таянып, шашылыш бүтүм чыгарбоого чакырды. Мекемеден дарыгерлер үчүн эне менен баланын саламаттыгы, башка бейтаптардын коопсуздугу жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү дайыма башкы орунда турары белгиленди.

Мындан тышкары, Перинаталдык борбор КР Саламаттык сактоо министрлигине жана Республикалык психикалык ден соолук борборуна кайрылып, бул кырдаалга көңүл бурууну, зарыл болсо аялды кошумча текшерүүдөн өткөрүүнү жана атайын жардамга муктаж же муктаж эместигин аныктоону өтүндү.

Администрация ошондой эле дарыгерлик сырды сактоо менен тиешелүү органдарга медициналык документтерди жана зарыл болгон бардык түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирди.
Scroll to Top