Өзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салынды

Ош облусунун Өзгөн районунун Ата-Башат айылындагы жолго төшөлгөн асфальттын сапаты текшерилип, жыйынтыгында подрядчы «Толман» ишканасына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүгө жергиликтүү тургундун жаңы төшөлгөн асфальттын сынып жатканы көрсөтүлгөн видео кайрылуусу себеп болгон. Жерине Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин аймактык башкармалыгы жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери барып, асфальттын сапатын текшеришкен .
Асфальттын тыгыздыгын жана калыңдыгын аныктоо үчүн керн үлгүлөрү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында ишканага айып пул салынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилген.
Министрликтин маалыматында, келишимдин негизинде аталган айылда жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн жолду оңдоо каралган. Бул иштердин буйрутмачысы Жалпак-Таш айыл өкмөтү болуп саналат. Азыркы тапта жолдун 700 метрине асфальт төшөлгөнү айтылды.