Депутаттар төлгө ачкандарга жана диплому жок психологиялык кызмат көрсөткөндөргө айып салууну сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары тиешелүү жогорку билими жок адамдардын оккульттук-мистикалык жана психологиялык кызмат көрсөтүүсүнө айып пул киргизүүнү сунушташты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга алуу үчүн парламенттин сайтына жарыяланды.
Демилгенин авторлору — депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева, Болот Сагынаев жана Табылды Муратбеков.
Долбоор менен Укук бузуулар жөнүндө кодекске 405-1-беренени киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, тиешелүү жогорку билими тууралуу документтери жок туруп, мындай кызматтарды акы төлөнүүчү же акысыз негизде көрсөткөн жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом) өлчөмүндө айып салуу каралган. Жаза колдонулгандан кийин бир жыл ичинде укук бузуу кайталанса, ошондой эле кардарларды системалуу түрдө тартуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары же маалыматтык-коммуникациялык технологиялар пайдаланылса, айып пулдун өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтү (20 миң сом) түзөт. Мындай укук бузуулар боюнча иштерди ички иштер органдары карайт.
Мындан тышкары, «Жарнама жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр оккульттук-мистикалык кызматтарды жана билими жок адамдар көрсөткөн психологиялык кызматтарды жарнамалоого коюлган чектөөлөрдү интернетке, социалдык тармактарга жана мессенджерлерге да жайылтат. Жарнамага керектөөчүлөрдү тартууга багытталган сунуштар, пикирлер, маектер, түз эфирлер жана башка материалдар да киргизилет. Алар үчүн акы төлөнгөн-төлөнбөгөнүнө карабастан, мындай материалдар жарнама катары эсептелет. Бул өз кызматтарын илгерилетүүгө да тиешелүү. Керектөөчүлөрдү тартууга багытталбаган илимий, билим берүү, журналисттик жана көркөм материалдарга тыюу салынбайт.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде авторлор керектөөчүлөр көп учурда эмоционалдык жактан алсыз учурда — үй-бүлөлүк чыр-чатакта, жакын адамы ооруп калганда, жоготууга учураганда же каржылык кыйынчылыктарга туш болгондо мындай кызмат көрсөтүүчүлөргө кайрыларын жазышкан. Алардын айтымында, «адамды кайра кайтаруу», «көз тийүүнү алуу» же «тагдырды өзгөртүү» сыяктуу убадалар кардарларды кайра-кайра акча төлөөгө түртүп, кызмат көрсөтүүчүгө көз карандылыкты жаратышы мүмкүн. Авторлор белгилегендей, психологиялык маселелерге квалификациясыз кийлигишүү адамдын абалын начарлатып, адистин жардамына кеч кайрылуусуна алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле алар алдамчылык боюнча жалпы норма атайын тыюунун ордун баса албай турганын белгилешет. Жарнамага тыюу салуу кардарларды тартуу каналдарын гана чектейт, ал эми кызмат көрсөтүүчү кардарларды жеке сунуштар, жабык топтор жана мессенджерлер аркылуу таба алат. Ошондуктан авторлор жарнаманы чектөөдөн кызматтын өзүнө тыюу салууга өтүүнү сунушташууда.
Негиздемеде Түркиянын тажрыйбасы да келтирилген. Авторлордун маалыматына ылайык, ал өлкөдө 2026-жылдын 1-августунан тартып коммерциялык жарнама жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Алар төлгөчүлөрдүн, медиумдардын жана астрологдордун кызматтарын жарнамалоого тыюу салып, блогерлерди жарыяланган материалдардын жарнамалык мүнөзүн белгилөөгө милдеттендирет. Документте айтылгандай, 2025-жылдын июль айында Faladdin жана Binnaz төлгө кызматтарына байланыштуу тергөөнүн алкагында алардын сайттарына жана социалдык тармактардагы аккаунттарына кирүү чектелген.
Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Министрлер кабинетине өз актыларын мыйзамга ылайык келтирүү үчүн үч ай убакыт берилет. Авторлордун баалоосу боюнча, долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.