Чет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктер: кимдер уруксат алды, кимдерге баш тартылды?

02.11.2026 | 15:02
Агентства по трудоустройству за рубежом: кто получил разрешение, а кому отказали? — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурган айрым агенттиктерге уруксат берилип, айрымдарына лицензия берүүдөн баш тартылды. Аталган маселелер Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун мекемелер аралык комиссиясынын жыйынында каралган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, төмөнкү уюмдарга жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга жаңы уруксаттар берилди:

  • «Динар Компани» ЖЧКсы — Түркия;
  • «ПФ Германия Карьера» ЖЧКсы — Германия;
  • «Флай Глобус» ЖЧКсы — Түркия;
  • «ОЛИМП КЕЙ ДЖИ ТРЭВЕЛ» ЖЧКсы — Түркия жана Болгария;
  • «Олива» ЖЧКсы — Германия;
  • «ЭРА-Тревел» ЖЧКсы — Польша (шарт менен);
  • «Окуу жумуш Италия» ЖЧКсы — Италия (шарт менен).

Уруксат мөөнөтү бир жылга узартылган агенттиктер:

  • «Бест Чойс» ЖЧКсы — Германия;
  • «Тайга Групп» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Евро Сапар» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Арча АС Туризм» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Рамай-Саякат» ЖЧКсы — Польша (шарт менен);
  • «Эмир Тревел» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Аиша» ЖЧКсы — Түркия;
  • «Аска-Трэвел» ЖЧКсы — Болгария.

Ошондой эле комиссия Орусия боюнча «Арча АС Туризм» ЖЧКсына жана Германия боюнча «Глобал проспект бридж» ЖЧКсына уруксат берүүдөн баш тартты.

Министрлик жарандарга чет өлкөдө ишке орношуу үчүн расмий уруксаты бар гана агенттиктерге кайрылууну жана маалыматтарды мамлекеттик реестрлерден текшерүүнү эскертти.

Scroll to Top