Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыкты

30.10.2026 | 18:06
В КР разработана Национальная дорожная карта по трансграничной безбумажной торговле — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагында трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук жол картасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Документ БУУнун ЭСКАТОсунун техникалык көмөгү менен Алкактык макулдашуунун (CPTA) талаптарына ылайык даярдалган. Анда соода документтери менен маалыматтарды электрондук форматта алмашуу, мекемелер аралык байланышты түзүү жана соода жол-жоболорун санариптештирүү каралган. Бул чаралар административдик тоскоолдуктарды кыскартууга жана соодага кеткен чыгымдарды азайтууга багытталган.

Кыргызстан аталган макулдашууга 2023-жылдын 21-ноябрындагы мыйзам менен кошулган. Документтин долбоору 2026-жылдын 23-июлунда Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында тааныштырылган.

Мекеменин маалыматында, БУУнун ЭСКАТОсунун катчылыгы Кыргызстандын Жол картасын макулдашууга катышкан башка мамлекеттерге үлгү катары таратууну пландап жатат. Мындан тышкары, документ 2026-жылдын 9–10-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын соода жол-жоболору боюнча комитеттеринин жолугушуусунда көрсөтүлөт.

Маалымат үчүн: 2026-жылдын октябрына карата трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Алкактык макулдашууга 15 мамлекет катышат: Кыргызстан, Азербайжан, Бангладеш, Иран, Кытай, Монголия, Корея Республикасы, Орусия, Тажикстан, Таиланд, Тимор-Лешти, Түркмөнстан, Тувалу, Өзбекстан жана Филиппиндер.
Scroll to Top