Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маекАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилди
Кыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди
29.10.2026 | 13:21

Кыргызстандын 15 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курама командасы Азербайжанда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында Боливиянын курамасын 0:3 эсебинен кийин жеңди. Биринчи таймда боливиялыктар 3:0 эсебинде алдыда болушкан, ал эми экинчи таймда кыргызстандыктар жоопсуз төрт гол киргизишти. Алдос Касымов эки гол киргизсе, дагы эки гол Амангелди Асанбековдун эсебинде.
28-октябрда турнирде плей-офф баскычы башталып, кыргызстандыктар 33–64-орундар үчүн күрөшүп жатышат. 1/16 финалда Владимир Сало жетектеген команда Кот-д’Ивуардын курамасына 0:4 эсебинде жеңилген.
Эми кыргызстандыктар 49–56-орундар үчүн ойношот. Кийинки атаандашы — Катардын курамасы. Беттеш бүгүн, 29-октябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: спорт