Дмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып берди

Кыргызстанда туулган орусиялык кесипкөй мушкер, WBA, WBO жана IBF версиялары боюнча жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол «Айтматов» тасмасын көргөндөн кийинки таасирлери менен бөлүштү.
Анын айтымында, бул чыгарма тарыхый эстутумду сактоонун, тамырды сыйлоонун жана адамгерчиликтин маанилүүлүгүн эске салат. Мушкер сапаттуу көркөм тасма залкар инсандар тууралуу жаңыча айтып берүүгө жана жаш муундун кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
«Чыңгыз Айтматовдун тарыхы ушундай сапаттуу форматта тартууланганын көрүү жагымдуу болду. Бул көрүүчүнү өзүнө тартат. Жаштар да көрүп, баатырды таанып, аны жакшыраак түшүнө алышат. Негизги ой — өз мекениңди, кайдан чыкканыңды, ата-бабаларың ким болгонун унутпоо жана эс-тутумду өчүрбөө», — деп бөлүштү Бивол.
Спортчуга өзгөчө жазуучунун балалыгы жана ал туш болгон кыйынчылыктар чагылдырылган эпизоддор күчтүү таасир калтырган.
«Мени анын тагдыры абдан таасирлентти. Балалыгы кандай оор өткөнү, башында кандай интеллигент үй-бүлөдөн чыкканы жана кандай турмуштук сыноолорду басып өткөнү таасир калтырбай койбойт. Мунун баарына карабай адам бойдон калуу — чоң баага татыйт. Ал жерде бир сөз бар эле: „Сен эң кыйын учурда адам бойдон калдың“. Бул сөз мени түйшөлтүп, жүрөгүмө жетти», — деди ал.
Бивол ошондой эле башкы каарман өзүнө жамандык кылган адамга карата айкөлдүк көрсөткөн сахнага да көңүл бурду.
«Тасма бою башка бир каарман ага канчалык жаман мамиле кылганына карабастан, аягында Чыңгыз Айтматов анын колун кысып, аны кечирди десек болот. Мына ушул адамгерчилик сапаттар тасмада абдан жакшы берилген», — деди мушкер.
Спортчунун айтымында, мындай тасмалар көрүүчүлөрдү залкар адамдардын тарыхы менен тааныштырып гана тим болбостон, жакшылыкка, кечиримдүүлүккө жана адамгерчиликке да тарбиялайт.