Афиша. Кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан кыргыз тасмалары

Афиша. Кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан кыргыз тасмалары

“Таксыр”

Бишкектеги кинотеатрларда “Таксыр” фильми жаңыдан эфирге чыкты. Ага белгилүү актер Аскат Сулайманов катышат.

Тасмада ачкөз ишкер Нурбек Саматовичтин жашоосу сүрөттөлөт. Ал мыйзам бузуулары аныкталгандан кийин дароо кайрымдуулук жасап, меценатка айланат.

“Эркектер”

Режиссер Рустам Аташовдун легендарлуу “Эркектер” комедиясынын уландысын көрө элек болсоңуз майрамга карата эс алуу күндөрү мүмкүнчүлүгүңүз бар.

“Экинчи мүмкүнчүлүк”

Жаш актерлор катышкан “Экинчи мүмкүнчүлүк”  комедиясы сүйүүсүн таппай, жашоодо адашып жүргөндөргө арналат.

Тасма бир күндө үч жолу кечинде көрсөтүлүп жатат.

“Малыш”

Режиссер Учкун Жакыпбековдун “Малыш” тасмасы дагы дем алыш күндөрү көңүлдү көтөрөт. Балыкчы шаарынан келген тентек Талант башынан алган жаракаттан кийин жаш балага айланат. Апасы аны кайрадан тарбиялап, чоңойтууга аргасыз болот.

“Жаңы жылдык хансарай”

Тасма Аскат Сулайманов, Шекер Жоомартова, Арнис Кыдырмышев, Альбина Имашова, Саламат Алиев, Эркин Эгембердиев сыяктуу мыкты актерлорду бириктирди.

Сапаттуу комедия көргүңүз келсе дал ушул тасманы карап чыгыңыз.

“Салам Европа”

Таланттуу режиссер Руслан Акундун бул тасмасы албетте алдынкы орунда. “Салам Нью Йоркту” сагынган болсоңуз эми белгилүү актриса Айтурган Темированын катышуусундагы фильмди көрүп чыгыңыз.

Руслан Акун адаттагыдай эле көрүүчүлөрдү билим алууга, дүйнө кыдырууга үндөйт.

“Аяш3”

Бакыт Осмонкановдун “Аяш” тасмасындагы диологдордун айрымдары жашоодо учкул сөзгө айланды. Үчүнчү бөлүгүндө дагы Динара Багышбаева, Жениш Майрамбек уулу, Калипа Таштанова, Бакыт Осмонкановдун мыкты чеберчилиги менен казак актерлору — Тауекел Мусилим, Олжас Абайдын чыгармачылыгына күбө болосуз.

«Ниет»

Дин менен заманбап көз караштагы келишпестиктер жана бул жааттагы талаш-тартыштар Азамат Шаршеновдун “Ниет” тасмасында чагылдырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>