Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкектеги «Көк-Сай» курулуш базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү
07.08.2026 | 09:53

Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча аймагындагы «Көк-Сай» курулуш базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Белгилей кетсек, өрт кечээ, 6-августта, кечинде башталган. Өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 22:48де түшкөн. Жалын түнкү 01:23тө чектөөгө алынып, бүгүн, 7-август күнү, эртең мененки саат 09:06да толук өчүрүлдү.
Мекеменин маалыматында, тилсиз жоо пластик терезе жана эшик чыгаруучу цехти каптап, кийин курулуш материалдары сакталган кампаларга өткөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түздү. Окуянын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар