Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрация бүгүн, 7-августта, маалымдады.
Эске салсак, Азымбакиев жакында эле Кыргызстандын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) жана эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал бул эки кызматты биргеликте алып барат.
61 жаштагы Муратбек Азымбакиев тарых жана дипломатия жаатында билимге ээ. Ал 1993-жылдан баштап Тышкы иштер министрлигинде катчы, кеңешчи жана жетекчи кызматтарда иштеген.
2021-2022-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал эми 2022-жылдын майынан бери КРдин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.