Кыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт

Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Кеңеш эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө, инвестиция тартууга жана долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга багытталат.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалыматында, документке Доха шаарында өткөн Дүйнөлүк инвестициялык форумдун алкагында кол коюлган. Жолугушууга КРдин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев жана Катардын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Мохаммед бин Ахмед бин Товар Аль-Кувари катышкан.
Жыйында ошондой эле тараптардын ортосунда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму бекитилген.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкө ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптын бизнес коомчулугунун кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралган.