Бишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жатат

28.10.2026 | 10:24
Бишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жатат — Новости Кыргызстана

Бишкекте мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарына карата 44 материал боюнча иликтөө жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн пландуу жыйында борбор калаанын муниципалитетинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында муниципалдык кызматтардын иши, жолдор менен тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларынын жана балдар аянтчаларынын абалы талкууланды.

Айбек Жунушалиев ишкерден муниципалдык администрациянын кызматкерине 5 миң сом которулган фактыга өзгөчө көңүл бурду. Калаа башчысы кызматтык иликтөө жүргүзүп, тиешеси бар бардык адамдарды аныктоону жана кадрдык чечимдерди кабыл алууну, анын ичинде акча алган кызматкерди иштен бошотууну тапшырды.

Жунушалиев ошондой эле шаар тургундарын мэриянын жана муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан болгон эреже бузуулардын конкреттүү, катталган фактылары тууралуу кабарлоого чакырды. Ал мындай кайрылууларды жеке өзү карап чыгууга жана ыкчам чара көрүүгө даяр экенин билдирди.

Мүмкүн болгон коррупциялык мыйзам бузуулар тууралуу төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүгө болот:

  • 0312 97 91 95 (кошумча 0603);
  • 0312 97 91 95 (кошумча 0602).
Scroll to Top