Прокурордун формасын кийип, акча алган: Бишкекте аял алдамчылыкка шектелүүдө

04.11.2026 | 10:12
В Бишкеке задержали женщину, выдававшую себя за сотрудницу Генпрокуратуры — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында 38 жаштагы аял өзүн Башкы прокуратуранын кызматкери катары көрсөтүп, алдамчылык кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган шектүү прокуратуранын полковнигинин погону тагылган форманы кийип, алдамчылык кылып жүргөнү аныкталган. Ал жабырлануучу жаранга мейманкана ачууга, кызын Кембридж университетине өткөрүүгө, Түркияга жолдомо жана батир алып берүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылып, 21 миң АКШ долларын алган деп шектелүүдө. Мындан тышкары, шектүү абак жайларындагы адамдар менен жолугушууларды уюштуруу шылтоосу менен да акча алган фактылар аныкталган.

Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда прокуратуранын полковнигинин погондору бар форма табылып алынган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Scroll to Top