Бишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу

«Элдик репортер» редакциясына Бишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары күтүүсүздөн башталган курулуш иштерине нааразы болуп кайрылышты. Алардын айтымында, алдыдагы оңдоп-түзөө тууралуу аларга алдын ала эскертилген эмес, ал эми долбоордун өзү аларда бир катар суроолорду жараткан.
«Саламатсыздарбы! Тула көчөсү. Эч кандай эскертүүсүз, түшүндүрмөсүз жол оңдоо иштери күтүүсүздөн башталды. Айрыкча долбоору таң калтырат. Жол салынып, жолдон кийин эле тротуар, ал эми тротуардан кийин астынан суу түтүгү өткөн арык болот экен…» — деп айтылат кайрылууда.

Reporter.kg тактоо үчүн Свердлов райондук администрациясына кайрылды.
Райондук администрациядан билдиришкендей, Тула көчөсүндө жолдун эки тарабына тең тротуар жана ирригациялык тармактарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул жумуштар районду көрктөндүрүүнүн 2026-жылга бекитилген планына киргизилген.
Редакциянын кайрылуусунан кийин райондук администрациянын өкүлдөрү «ТелекосСпецСтрой» ЖЧК подряддык уюму менен биргеликте жерине барып, тилкени текшерип чыгышты.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, келечекте Тула көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн артыкчылыгын эске алуу менен, унаа өтүүчү бөлүктүн түштүк тарабындагы тротуарды бойлото ирригациялык тармакты орнотуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат расмий жоопто.

Администрация ошондой эле көчөнүн түндүк тарабындагы тротуардын боюна да ирригациялык тармакты жайгаштыруу пландалып жатканын тактады.
Мындан тышкары, жолдун дал ушул тарабында жаан сууларын агызуу үчүн суу тосмолорду орнотуу каралган.
Райадминистрация бардык иштер райондун көчө-жол инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
«Ошентип, долбоордук чечимдер көчөнүн эки тарабына тең тиешелүү инженердик системаларды орнотууну карайт жана бул жерде эч кандай эреже бузуулар жок», — деп билдиришти администрациядан.
Анара Мамытова