Бишкекте жакында үч жаңы өнөр жай ишканасы ачылат
Бишкек шаарында жакынкы аралыкта бир катар жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилет. Мэр Айбек Жунушалиев «100 өнөр жай ишканасы — 2026» программасынын алкагында курулуп жаткан объектилерге барып, алардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алгач мэр «КыргызТрансформатор» ишканасына барган. Аталган ишканада күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Долбоордун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзөт. Ишканада 50гө чейин жумуш орду түзүлөт. Учурда ишканада курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулуп, ишке киргизүүгө даярдалууда.
Ошондой эле мэр «Биринчи индустриалдык комплекс» ЖЧКсынын даяр тамактарды жана нан азыктарын чыгаруучу кулинардык цехинин курулушунан кабар алган. Ишкана ишке киргенде 200дөн ашык адам жумуш менен камсыз болору айтылды.
Мындан тышкары Жунушалиев «Флагман компани» ишканасына барган. Металл конструкцияларын жана буюмдарын өндүрүүчү завод жакында ишке берилет. Жылына 6 миң тонна продукция чыгарууга эсептелген ишканада 35 жумуш орду түзүлөт.
Мэр долбоорлордун ишке ашырылышын оң баалап, ишканаларга керектүү көмөк көрсөтүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча тапшырмаларды берген.


