Садыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды
Бишкектик таэквондочулар эл аралык мелдеште 20 медаль утту
21.12.2023 | 11:50
Бишкектик таэквондочулар эл аралык мелдеште 20 медалга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары олимпиадалык WT таэквондо боюнча DREAM CUP OPEN 2023 эл аралык мелдешинде 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль уткан.
Белгилей кетсек, мелдеш 15-17-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышкан.