Депутат пенсионерлерге 13-пенсия берүүнү сунуштады (видео)

Депутат пенсионерлерге 13-пенсия берүүнү сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Социалдык фондго пенсионерлерге 13-пенсия берүүнү сунуштады.

Ал бул маселени парламенттин бүгүнкү жыйынында көтөрүп, Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге кайрылды.

«Жылдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен пенсионерлерге бир жолку төлөм берилсе жакшы болмок деген ой болуп жатат. Муну 13-пенсия деп атаса болот. Жаңы жылга карата сыйлык, кошумча катары 13-айлык алабыз. Россияда ар бир пенсионердин туулган күнүнүн алдында 13-пенсия берүү тууралуу мыйзам даярдалып жатыптыр. Бул биздин карыларга жардам, жөлөкпул болуп калмак. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?», — деди депутат.

Бактияр Алиев депутаттын суроосуна так жооп берген жок. Бирок Социалдык фонддун акчасы пенсияны көтөрүүгө кетип жатканын айтып, 13-пенсияны берүүгө каражаты жетпей турганын кыйытты.

«Бул боюнча оюм… Акыркы 10 жылды алсак, 2013-жылдан бери пенсиялар дайыма 3-5%га көтөрүлүп келген. 2022-жылы 1-октябрда пенсияны 33%га, быйыл 1-октябрда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 35%га көбөйттүк. Аны Социалдык фонддун эсебинен көтөрдүк. Былтыр пенсияны көтөрүүгө кошумча 20 млрд сом керектелди. Быйыл 1-октябрда пенсияны көбөйтүү үчүн 3 айга 3 млрд 905 млн керектелип жатат. Кийинки жылга 16 млрд сом зарыл. Ошондо (акыркы) эки жылда пенсияны көтөрүүгө 40 млрд сом керектелүүдө», — деди ал.

Султанбекова 2-3 миң сом пенсия алгандар бар экенин, 13-пенсия берилсе, аларга жардам болорун айтып, Соцфондго аталган маселени карап көрүүнү сунуштады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>