Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Бишкектик таэквондочулар эл аралык мелдеште 20 медаль утту
21.12.2023 | 11:50
Бишкектик таэквондочулар эл аралык мелдеште 20 медалга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары олимпиадалык WT таэквондо боюнча DREAM CUP OPEN 2023 эл аралык мелдешинде 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль уткан.
Белгилей кетсек, мелдеш 15-17-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышкан.