Видео: Жарандар Топтомо фондундагы акчасын кайсы учурда ала алат? Соцфонддун жообу

Видео: Жарандар Топтомо фондундагы акчасын кайсы учурда ала алат? Соцфонддун жообу

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жарандар Топтомо фондундагы акчасын кайсы учурларда толугу менен ала ала тургандыгын тууралуу айтып берди.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Алиевге жарандар Социалдык фондго чегерген акчасынан Топтомо фондунда чогулган каражатын кайсы учурда ала алат деген суроо узатты.

«Жаран пенсияга чыкканда толугу менен берилет. Бөлөк мамлекетке жашоого кетип жатканда, жүрөгү ооругандар операция жасатуу үчүн, онкологиялык оору менен ооругандар толугу менен ала алат. Андан тышкары ипотеканын баштапкы төлөмү үчүн берилет. Ал үчүн Топтомо фондунда 50 миң сом болуш керек. Ошондой эле ипотека боюнча насыясы бар болсо, аны жапканга да ала алат», — деди Алиев.

Эскерте кетсек, Социалдык фондго жарандардын маянасынан 10% кармалып калат. Анын 8%ы Пенсиялык фондго жана 2%ы Топтомо фондуна түшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>