Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкектиктерди жылытуу мезгилине алдын ала көмүр камдап алууга чакырышты
28.08.2026 | 09:18

Бишкек шаарынын тургундарын суук түшкөнгө чейин создуктурбай, көмүрдү алдын ала сатып алууга чакырышты. Борбор калааны 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо маселелери «Кыргызкөмүр» ААК менен Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмесинде талкууланды.
Такталгандай, кеңешменин катышуучулары калктын көмүрдү өз убагында камдап алуусун, социалдык отун базаларынын ишин жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык тууралуу шаар тургундарына маалымат берүү маселелерин талкуулашты.
«Калкка көмүр сатып алууну суук түшкөнгө чейин калтырбай, жакынкы социалдык отун базаларынан алып, керектүү запасты алдын ала камдап алуу сунушталат», — деп айтылат билдирүүдө.
«Кыргызкөмүр» ишканасынан белгилешкендей, социалдык отун базаларынын даректери 2GIS тиркемесине киргизилген. Анын жардамы менен тургундар өздөрүнө эң жакын жайгашкан көмүр сатуу түйүнүн таба алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом