«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салдыЖапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керекЭнергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттанышты
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
12.10.2026 | 11:21

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Суу өчүрүлүүчү аймактар төмөнкүлөр:
- Алыкулов көчөсү – Костанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л. Толстой көчөсү – «Coca-Cola» аймагы;
- Садыгалиев көчөсү – Чүй проспектиси – П. Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Костанай көчөсү, Алимжан-Ата көчөсү – Чоң Чүй каналы – Ленская көчөсү – Космонавттар көчөсү – Коммунаров көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Чүй проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгерчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчина көчөсү – П. Лумумба көчөсү – Жамгерчинов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки чектешкен аймак;
- «Аскер шаарчасы», «Кызыл-Аскер» конушу, 110-квартал жана «Достук» кичи району.

Сууну берүү «Западный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо жана алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
Чектөө аталган аймактардагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана өндүрүш объекттерине тиешелүү. Мэрия тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом