Жапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке какты

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундун КР Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси боюнча жашы жете элек кыз менен байланышы үчүн соттолгон 23 жаштагы жаранга ырайым кылуу өтүнүчүнө жооп берди.
Сай айылынын тургуну экенин айткан Эркинай аттуу келин мамлекет башчысына соттолгон жигиттин энеси — кайненесинин атынан кайрылган.
Анын айтымында, кайненеси II топтогу майып, көрүүсү, угуусу жана сүйлөөсү жабыркаган, ошондуктан дайыма кароого муктаж. Анын дагы бир жашы жете элек кызы бар. Ал эми кайрылган келин өзү сегиз жаштагы майып баласын тарбиялап келет жана кайниси камалгандан бери бул туугандарына да каралашып жатат.
Эркинай соттолгон кайниси 23 жашта экенин, ал эми байланышта болгон кыз 16 жашта экенин билдирди. Ошол эле учурда келиндин айтымында, жашы жете элек кыз өзү да, анын ата-энеси да арыз жазган эмес жана эч кандай доомат арткан эмес.
«Кыздын дагы дооматы жок болгондон кийин, ырайым кылып беришиңизди суранабыз», — деп кайрылды ал президентке.
Буга жооп катары Садыр Жапаров арыздын жоктугу жашы жете элек кыз менен болгон байланыш үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын баса белгиледи.
«Арыз жазабы, жазбайбы, жашы жете элек кыздар менен болгондон кийин бул — кылмыш. Аны эч ким — сот дагы, мен дагы, прокурор, милиция дагы куткарып кала албайт», — деди президент.
Ырайым кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кайра берилген суроого Жапаров жашы жеткен эркек киши өз аракеттери үчүн жоопкерчиликти аңдап билиши керектигин айтты.
«Бала өзү башы менен иштеш керек. Өзү 23тө болсо, толуп-болуп турган, түшүнүгү бар бала болсо, анан жашы жете элек кыз менен ал болбойт андай. Жашы жетип, 18ден ашкан кыз болуп туруп, тосмо арыз (встречный) берип: “Жөн эле ушинтип, макулдугум менен эле болгон” десе, анда бир жөн анда. Ал эми жашы жете элек кыздар менен байланышканга болбойт. Бул — кылмыш», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Анара Мамытова