Армения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды — бул Ереван үчүн эмнени түшүндүрөт?

12.11.2026 | 12:29
Армения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды — бул Ереван үчүн эмнени түшүндүрөт? — Новости Кыргызстана

Армения мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда (ЖККУ) добуш берүү укугунан ажыратылды. Бул тууралуу 11-ноябрда Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Армения өз милдеттенмелерин бир нече жылдан бери аткарбагандыгына байланыштуу, уюмдун уставын жетекчиликке алып, Арменияны добуш берүү укугунан, ошондой эле ЖККУдагы жооптуу кызматтарга өз өкүлдөрүн дайындоо укугунан ажыратуу сунушталды жана ушундай чечим кабыл алынды», — деп билдирди Песков.

Чечим ЖККУ уставынын 25-беренесинин негизинде кабыл алынды. Анда эгер кайсы бир мамлекет эки жыл бою мүчөлүк акы төлөбөсө, ал добуш берүү укугунан жана уюмдагы кызматтарга талапкерлерди көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылары каралган.

Армения ЖККУнун бюджетине каражат которууну 2024-жылы токтоткон. Өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян уюмдун саммитине катышкан жок.

Бул чечим Армения үчүн эмнени түшүндүрөт?

ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков түшүндүргөндөй, укуктары чектелгенине карабастан, Армения уюмдун толук укуктуу мүчөсү бойдон кала берет. Аны уюмдан чыгаруу маселеси саммитте каралган эмес.

Масадыковдун айтымында, Ереван ошондой эле ЖККУнун катчылыгына жана Бириккен штабына өз кызматкерлерин жиберүүнү токтоткон. Армян өкүлдөрү Туруктуу кеңештин жыйындарына катышканы менен, иш жүзүндө талкууларга аралашкан эмес.

Карыз төлөнгөндөн кийин Армения уюмдун ишине катышуусун кайра калыбына келтире алат, анын ичинде ал жакка кайрадан өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок акыркы чечим армян бийлигинин өзүндө калат.

Ошол эле учурда Ереван келишимде каралган жамааттык коопсуздук кепилдиктерин сактап калат.

Саммиттин алдында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Арменияны ЖККУдан чыгарууга умтулбай турганын билдирген.

«Эгер биз Арменияны кууп чыгышыбызды каалап жатышса, биз антип кылбайбыз», — деген ал.

Лавров ошондой эле Ереван уюмдан чыгуу боюнча расмий арыз бербегенин баса белгилеген.

ЖККУга алты мамлекет кирет: Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Армения.

Армения эмне үчүн ЖККУга катышуусун тоңдуруп койгон?

Ереван менен ЖККУнун ортосундагы пикир келишпестиктер 2021–2022-жылдардагы Армения менен Азербайжандын куралдуу кагылышууларынан кийин курчуп кеткен. Армян бийлиги союздаштарын өлкө аймагындагы согуштук аракеттер учурунда тийиштүү жардам көрсөткөн жок деп айыптаган.

2022-жылдын сентябрында Азербайжан менен чек арадагы кезектеги кагылышуулардан кийин Армения Россияга жана ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм кырдаалга баа берүү үчүн өлкөгө миссия жиберген, бирок Пашинян бул чараларды жетишсиз деп тапкан.

Ошол эле жылдын ноябрь айында армян премьери ЖККУ саммитинин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюудан баш тарткан. Ал өз чечимин союздаштар тарабынан Азербайжандын аракеттерине саясий баа берилбегендиги менен түшүндүргөн.

2023-жылы Армения бир катар биргелешкен машыгууларга катышуудан баш тарткан, ал эми Пашинян уюмдун лидерлеринин Минскидеги жолугушуусуна катышкан эмес.

2024-жылдын февралында армян өкмөтүнүн башчысы өлкөнүн ЖККУга катышуусу тоңдурулганын жарыялаган.

«Биздин оюбузча, Жамааттык коопсуздук келишими Арменияга карата, айрыкча 2021–2022-жылдары аткарылган эмес», — деп билдирген ошондо Пашинян.

Премьер-министр Армения жок дегенде жакынкы беш жыл ичинде уюмдун ишине активдүү кайтып келүүнү пландабай турганын маалымдаган.

«Эгерде уюм Арменияны ЖККУнун курамынан чыгаруу чечимин кабыл алса, мен ыраазы болом», — деген ал.

5-ноябрда, Москвадагы саммитке бир нече күн калганда, Пашинян кызматташтыкты жандантуу ниети жок экенин дагы бир ирет тастыктаган.

«Мындан ары ЖККУга байланыштуу Армениянын кызыкчылыктары түгөнгөнүн, бизде андай кызыкчылык мындан ары жок экенин белгилеп коюшубузду каалайм», — деп айткан.

Анара Мамытова

Scroll to Top