УКМК ишкерден акча талап кылууга шектелген эки адамды кармады

12.11.2026 | 11:20
УКМК ишкерден акча талап кылууга шектелген эки адамды кармады — Новости Кыргызстана

УКМК кызматкерлери Баткен облусунда көмүр казуучу компаниянын жетекчилигинен акча талап кылууга шектелген эки адамды кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, 4-ноябрда Сүлүктү шаарында көмүр казган ишкананын директору кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгына кайрылган. Ал Кыргызстандын эки жараны тарабынан акча талап кылуу болгонун билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, алар 2,5 миллион сом накталай акча жана ошончо суммага барабар көмүр талап кылышкан. Талаптары аткарылбаса, ишкананын ишине атайылап тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутушкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

УКМКнын маалыматы боюнча, 5-ноябрда арыз ээси атайын белгиленген 29 миң АКШ долларын бергенден кийин шектүүлөр ишкананын кеңсесинде кылмыш үстүндө кармалган.

Соттун чечими менен кармалгандардын бирине карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Теги: ГКНБ
Scroll to Top