Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары Москвада коопсуздук маселелерин талкуулашты

17.07.2026 | 12:46
Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары Москвада коопсуздук маселелерин талкуулашты — Новости Кыргызстана

Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери регионалдык жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Орусиянын ТИМи жана БУУ тарабынан уюштурулган иш-чара 14–15-июль күндөрү Москвада өттү.

Жолугушууга ошондой эле БУУнун башкы катчысынын орун басары Александр Зуев, БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Катчылыгынын өкүлдөрү, Орусия ТИМинин жетекчилиги жана өкүлдөрү, ошондой эле ЖККУ (ОДКБ), КМШнын Терроризмге каршы борбору жана ШКУнун (ШОС) Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Курамына УКМК, ИИМ, Чек ара кызматы жана Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрү кирген кыргыз делегациясын УКМК төрагасынын орун басары Артур Эрбаев жетектеди.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары Москвада коопсуздук маселелерин талкуулашты — иллюстрация
Жолугушуунун негизги темалары терроризмге каршы аракеттенүү, террордук уюмдарга курал-жарак жана учкучсуз учуучу системаларды жеткирүү каналдарын бөгөттөө, ыкчам маалыматтарды өз убагында алмашуу, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө жана эл аралык деңгээлде коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү болду.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы БУУнун башкы катчысынын орун басары Александр Зуев жана БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары Москвада коопсуздук маселелерин талкуулашты — контекст события
«Тараптар террордук уюмдарга каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын, коопсуздук чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды, актуалдуу реакция кылуу механизмдерин жана БУУнун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле КМШнын Терроризмге каршы борборунун жетекчилиги жана өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду. Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен антитеррордук машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүү, тиешелүү кызматтардын дайыма даярдыкта болушун камсыздоо жана коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Scroll to Top