«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылатКыргызстанда халал продукцияны QR-код жана сертификат менен сатуу сунушталуудаАйыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылдыБишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылдыЧет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалды
Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтөт
17.07.2026 | 12:37

17 жана 18-июлда саат 19:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер уюштурулат.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн чыгармачыл жамааттардын жана аткаруучулардын катышуусунда концерттик программа даярдалды.
Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаралар борбор калаанын маданий турмушун өнүктүрүүгө, ата мекендик искусствону колдоого жана үй-бүлөлүк, достук эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды жайкы кечти жандуу музыканын коштоосунда жана жакшы маанайда өткөрүүгө чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом