Салык кызматы Cold Brew суусундугун алып коюу боюнча түшүндүрмө берди

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактарда тараган Cold Brew алкоголсуз суусундугун ишкерден алып коюу боюнча видеого байланыштуу түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, курамында кант, кант алмаштыргыч же даам берүүчү кошулмалар бар жана ТЭИ ТНнын 2202 кодуна кирген алкоголсуз суусундуктар акциздик товар болуп эсептелет жана милдеттүү түрдө акциздик маркалар менен маркаланышы керек.
Салык кызматы билдиргендей, Cold Brew суусундугу да ушул категорияга кирет. Анткени аны даярдоодо сууга кофе концентраты жана шире концентраты кошулат. Алар даам берүүчү компоненттер болуп саналат.
Мекемеде белгилешкендей, видеодо көрсөтүлгөн инспектор жеринде айып пул салган эмес. Ал товарды алып коюу боюнча акт түзүп, салык төлөөчүгө мыйзам талаптарын түшүндүрүп, материалдарды кароо үчүн аймактык салык органына келүүнү сунуштаган.
Эртеси күнү салык кызматынын кызматкерлери ишкерге бул суусундук акциздик товар экенин жана милдеттүү түрдө акциздик марка менен маркаланышы керектигин кошумча түшүндүрүшкөн. Ошондой эле кабыл алынган чечимге мыйзамда белгиленген тартипте, анын ичинде сот аркылуу даттанууга укугу бар экени маалымдалган.
Салык кызматынын маалыматына караганда, видеодо сөз болгон ишкер «бар кызматтары» экономикалык ишмердүүлүгү боюнча катталган жана Cold Brew суусундугун керектөөчүлөр үчүн даяр таңгакта сатат. Ошондуктан бул продукция акциз салыгынан жана акциздик маркалоодон бошотулган товарлардын катарына кирбейт.
Мекеме алкоголсуз суусундуктар үчүн акциздик салыктын өлчөмү бир литрине 3 сомду түзөрүн эске салды. Көлөмү 270 мл болгон суусундук үчүн акциз 81 тыйын болсо, анын чекене баасы болжол менен 350 сомду түзөт.
Ошондой эле Салык кызматы текшерүүлөргө киргизилген мораторий акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө, анын ичинде акциздик маркалардын бар-жогун жана аныктыгын текшерүүгө тиешелүү эместигин белгиледи.
Мындан тышкары, мыйзамда акциздик товарларды милдеттүү маркалоо талаптарын биринчи жолу бузган учурда эскертүү берүү каралбаганы, мындай учурларда мыйзамда белгиленген жоопкерчилик чаралары колдонулары айтылды.