БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

07.11.2026 | 12:03
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту — Новости Кыргызстана

6-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ошондой эле бош калган мандаттарды кийинки талапкерге өткөрүп берди. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  • Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Султан Уметалиевдин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулган;
  • Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Бактыбек Молдобаевдин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулган;
  • Ош шаардык кеңешинин депутаты Дамир Калыкбердиевдин («Мурас» фракциясы) ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, мандат кийинки талапкер Айбек Таалайбек уулуна берилген;
  • Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Жаннатхан Касимованын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган;
  • Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Рустам Омуровдун ыйгарым укуктары арызы боюнча токтотулуп, мандат Сайрагул Абдылдаевага өткөрүлүп берилген;
  • Баткен шаардык кеңешинин депутаты Гүлмайрам Максутованын («Ала-Тоо Кыргыз Жери» фракциясы) ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, мандат Гульмира Абдырахмановага өткөрүлгөн;
  • Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты Канаатхан Полотованын ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, мандат Айтбуву Кадировага тапшырылган.
Scroll to Top