1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр Жапаров

2026-жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жогорулатылган айлык акы, ал эми мекеменин ардагерлери көбөйтүлгөн пенсия ала башташат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргыз милициясынын 102 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чара 1-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) Кайгуул-күзөт кызматынын полкунда өттү.

Президент өз сөзүндө акыркы алты жылда мамлекет ИИМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарды жаңылоого, кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртууга жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
«Биз ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысын, ошондой эле ардагерлердин татыктуу жашоо шартын камсыз кылуу жана алардын эмгегин колдоо үчүн пенсияларын көтөрдүк», — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы милиция кызматкерлерине мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоо зарылдыгын да эскертти. Анын айтымында, алар өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып, коом алдындагы жоопкерчиликти сезиши керек.

«Албетте, милициядагы кызмат — бул кесиптик билимди жана шык-жөндөмдү гана эмес, кыраакылыкты, эрктүүлүктү жана бийик адеп-ахлактык сапаттарды талап кылган өзгөчө кесип. Ошондуктан сиздер рухуңуздар менен да, билимиңиздер менен да күчтүү болушуңуздар керек. Бул учурда күч — адилеттүүлүк менен, чечкиндүүлүк — сабырдуулук менен, ал эми мыйзамды сактоо — акыйкаттыктын салтанаты менен айкалышуусу зарыл», — деп баса белгиледи президент.
Жапаров ички иштер органдарынын ардагерлерине көп жылдык кызматы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ал алардын тажрыйбасы жана ишке болгон ак ниет мамилеси жаш милиция кызматкерлери үчүн үлгү бойдон кала берерин белгиледи.