КРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат

6-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинде 2027–2032-жылдарга карата жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоору талкууланды. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда катталган өлүмдөрдүн 83 пайызы жугуштуу эмес оорулардын үлүшүнө туура келет. Аларга жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети кирет.
Улуттук стратегиянын долбоору төрт багыттан турат:
- тобокелдик факторлорун (тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, туура эмес тамактануу, кыймылдын жетишсиздиги) азайтуу;
- баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо;
- эпидемиологиялык көзөмөл жана мониторинг системасын өнүктүрүү;
- мекемелер аралык кызматташууну жана алдын алуу чараларын каржылоону камсыздоо.
Жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова президенттин тапшырмасы менен бир ай ичинде энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу боюнча токтом долбоору, ал эми алты айдын ичинде мыйзам долбоору даярдаларын билдирген.
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско бул стратегияны ишке ашырууга экономика, билим берүү, айыл чарба жана экология тармактарындагы мекемелер да катышууга тийиш экенин айткан.