Ден соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияланды

06.11.2026 | 12:34
Из Испании в Кыргызстан экстрадировали обвиняемого в причинении вреда здоровью — Новости Кыргызстана

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Испаниядан өлкөгө экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Ведомство Испаниянын компетенттүү органдары менен биргеликте аны өткөрүп берүүгө жетишкен.

Тергөө маалыматына ылайык, айыпталуучу жабырлануучуга ден соолугунун узак убакытка бузулушуна алып келген дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Башкы прокуратура чет өлкөдө кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча чет өлкөлүк кесиптештери менен кызматташууну улантарын билдирди.

Scroll to Top