Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталды

07.11.2026 | 11:34
Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда «Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы» түзүлүп чыгат. Бишкек шаарында мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы астында долбоордун концепциясын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, манас таануучулар жана маданият тармагынын адистери катышкан. Анда энциклопедиянын максаты, мазмундук түзүмү, илимий-методологиялык негиздери жана аны ишке ашыруу багыттары талкууланган.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев аталган басылма кыргыз элинин тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын, илимин, адабиятын жана искусствосун бирдиктүү тутумда камтыган эмгек болорун билдирген.

Энциклопедияга «Манас» эпосу, манасчылык өнөр, кыргыз тили жана адабияты, улуттук музыка, искусство, архитектура, кол өнөрчүлүк, салттуу маданият, элдик билимдер, инсандар жана бардык аймактардын тарыхый-маданий мурастары боюнча маалыматтар киргизилет.

Scroll to Top