ТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Reporter.kg сайтына берген маегинде өзүнүн демилгеси менен кабыл алынган мыйзамдар, парламентте талаш жараткан сунуштары жана жаңы мыйзам долбоорлору тууралуу айтып берди. Алардын арасында турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин (ТСЖ) милдеттүү отчеттуулугу, жашыл бак-дарактарды коргоо, алдамчылыкка каршы күрөшүү жана үй жаныбарларын багууну жөнгө салуу маселелери бар.
— Кайсы мыйзам долбооруңуз менен көбүрөөк сыймыктанасыз? Ал эми кайсы мыйзам долбооруңуздун кабыл алынбай калганына өзгөчө өкүнөсүз?
— Чынын айтсам, көптөгөн мыйзамдар менен сыймыктанам. Мисалы, майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамды алсак болот. Аны активисттер жана майыптыгы бар адамдар менен биргеликте иштеп чыкканбыз. 2025-жылы кабыл алынып, күчүнө кирди. Азыр иштеп жатат.
Тынчтыкты сактоо жөнүндө мыйзам да бар. Ал, албетте, айрымдарга жакпайт, бирок түнкүсүн тартип болушу керек. Кээ бирөөлөр: «Эмне үчүн тойду түнкү он экиге чейин өткөрүүгө болбойт?» — деп нааразы болушкан. Азыр болсо эл акырындап көнүп, тойдун кечки саат ондо аяктаганы жакшы экенин айтып жатышат. Негизи мыйзам тойду саат ондон кийин улантууга тыюу салбайт. Болгону ызы-чууну азайтуу керек.
Жакында таштандыны уруксат берилбеген жерге кайталап таштагандарды коомдук иштерге тартуу тууралуу мыйзам кабыл алынды. Эми анын кандай иштей турганын көрөбүз.
Ошондой эле тамеки буюмдарына акциздик салыкты жогорулатууга жана курамында канты бар суусундуктарга акциз киргизүүгө катышкам. Башында энергетикалык суусундуктар тууралуу сөз болгон. Бирок мыйзамдын таасирине башка суусундуктар, анын ичинде айрым компоттор да кирип калды. Себеби алардын товардык коддору бирдей болгондуктан, бөлүп кароо кыйын.
Ошентсе да бул мыйзамды прогрессивдүү деп эсептейм. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай салык салуунун зарылдыгын талкуулап жатканда, биз аны киргизип койгонбуз. Натыйжада бюджетке бир миллиард сомдон ашык каражат түшүп, ал социалдык маселелерди чечүүгө жумшалууда.
Мындай мыйзамдар көп. Бирок мен үчүн мыйзам долбоорлоруна көптөгөн сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизип жатканым да маанилүү.
— Парламентте кызуу талаш жараткан дагы бир мыйзам долбооруңуз талаалардын малга тебелениши жана малдын эгинге зыян келтириши тууралуу болгон.
— Ооба, бул мыйзам долбоору депутаттар арасында чоң талаш жараткан. Бирок анын максаты фермерлердин жана жер ээлеринин жеке менчигин коргоо болчу.
Мал багуучулар: «Эмне үчүн белгилүү бир убакта силердин жериңерди бекер пайдалана албайбыз?» — дешкен. Бирок, кечиресиз, адам ал жерге өзүнүн эмгегин, акчасын жумшады да. Эмне үчүн ал башка бирөөнүн малына өз жеринде бекер оттоого уруксат бериши керек? Башка бирөөнүн жерин пайдалангың келсе, акысын төлө же малыңды жаюуга башка жер тап.
Тилекке каршы, агрардык саясат боюнча комитет мыйзам долбоорун четке какты. Сыягы, көптөгөн кесиптештерим мал чарбачылыгы менен кандайдыр бир деңгээлде байланыштуу окшойт.
— Ошол эле учурда депутаттардан мыйзам долбооруна каршы жүйөлүү аргументтерди уккан жокмун. Алар негизинен сиз шаардык адам экениңизди, айыл чарбасынын көйгөйлөрүн түшүнбөй турганыңызды айтышты.
— Мындай логика менен сотко да: «Сен эч качан кылмыш кылган эмессиң, демек, кылмышкерлерди түшүнбөйсүң», — десек болот. Же педагогикалык билими бар депутатка: «Энергетика тармагына эмнеге кийлигишип жатасың?» — деп айтууга болот.
Бул маселени туура эмес коюу. Мен шаардык болсом да, бала кезимде айылда жашагам. Фермерлер менен көп жолугушам, алардын көйгөйлөрүн билем. Бир тууганым да фермер, анын жери бар. Бул тармакта тааныштарым көп.
Кандайдыр бир көйгөйдү түшүнүү үчүн сөзсүз ошол иш менен өзүң алектенишиң керек эмес. Андай болсо ар бир депутатка: «Дарыгер болбосоң, эмнеге саламаттык сактоо маселесин көтөрөсүң? Же мугалим болбосоң, эмнеге билим берүү тармагына кийлигишесиң?» — деп айтууга болот да.
— Мен талкуусуна кылдат көз салган мыйзам долбоорлоруңуздун бири ТСЖлардын милдеттүү отчеттуулугуна байланыштуу. Коомдук угууларда шериктештиктердин өкүлдөрү катуу нааразы болушкан. Азыр мыйзам долбоору кайсы баскычта?
— Мыйзам долбоору үчүнчү окууга жакындап калды. Анын максаты — тургундардын акча маселесинен улам чыккан туруктуу талаш-тартыштарын чечүү.
Көптөр мамлекет подъезддерди, чатырларды, лифттерди оңдоп берүүгө милдеттүү деп эсептешет. Бирок эмнеге? Мисалы, мен жеке үйдө жашайм. Анда эмне үчүн мамлекет менин үйүмдүн чатырын оңдоп бербеши керек?
Ошол эле учурда Бишкек мэриясы тургундарга жардам берип жатат. Мисалы, подъездди оңдоого кеткен чыгымдын 70 пайызын төлөп берип, калган 30 пайызын батир ээлери өздөрү чогулткан учурлар бар. Бул жакшы тажрыйба, аны кеңейтүү керек. Бирок адамдар да өз үйүн күтүүгө катышууга тийиш.
Маселе акча чогултулгандан кийин чыр-чатактардын башталганында. Кээде ТСЖнын төрагасы каражаттын бир бөлүгүн өзүнө ыйгарып алат же отчет берүүдөн баш тартат. Тескерисинче, адам чынчыл иштеп, эл үчүн чуркап жүрсө да, кошуналары аны уурулукка айыптаган учурлар болот.
Ошондуктан көптөгөн процесстерди санарип форматка өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Чогулуштарды жана добуш берүүнү мессенджерлер же атайын программалар аркылуу онлайн өткөрүүгө болот. Протоколдорду жана финансылык отчетторду да электрондук түрдө даярдоого мүмкүнчүлүк берилет.
Ошол эле учурда отчет берүү милдеттүү болот. Отчет берүүдөн баш тарткандарга айып пул каралган.
Дагы бир маанилүү өзгөртүү — бардык менчик ээлерине чечим кабыл алууга катышуу укугун берүү. Азыр ТСЖнын мүчөлөрү жана жөн гана батир ээлери болуп бөлүнөт. Натыйжада бирөөлөр башкалардын атынан чечим кабыл ала алышат. Биз бүтүндөй үйгө тиешелүү маселелерде мындай бөлүнүүнү жоюуну сунуштап жатабыз.
Эгер адам батирдин ээси болсо, ТСЖга мүчө экенине карабастан добуш берүүгө укуктуу болушу керек.
Мындан тышкары, чогулуштар тууралуу кабарлоо тартибин жөнөкөйлөштүргүбүз келет. Кошунаңа катты почта аркылуу жөнөтүүнүн эмне кереги бар? Эшигин каксаң же WhatsApp аркылуу жазсаң болот да.
Мыйзам долбоорун тургундардын көпчүлүгү колдойт деп үмүттөнөм. Ал эми акчаны ачык-айкын эмес башкарууга көнүп калгандарга, албетте, жакпай калышы мүмкүн.
— Дагы кандай мыйзам долбоорлорун даярдап жатасыз? Жакын арада парламенттин кароосуна эмнелерди сунуштайсыз?
— Бир катар демилгелер буга чейин эле киргизилген. Мисалы, жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө мыйзам долбоору. Шайлоо учурунда бул маселени көтөрөм деп убада бергем. Депутаттар кандай кабыл аларын көрөбүз, колдошот деп үмүттөнөм.
Дагы бир багыт — алдамчылыкка каршы күрөшүү. Алдамчылык көбөйүп жатат жана бул көйгөй мындан ары да күчөйт деп ойлойм. Азыр кылмышкер жабырлануучу менен бетме-бет жолугушууга милдеттүү эмес. Ал чет өлкөдө отуруп эле телефон чалып, адамга психологиялык таасир көрсөтүп, акчасын которууга көндүрө алат.
Санарип кодексинде алдамчылыкка каршы механизмдерди караганбыз. Улуттук банк аларды ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. ИИМ да киберкылмыштуулукка каршы чараларды көрүүдө.
Мен Сингапурдагыдай алдамчылыкка каршы өзүнчө борбор түзүүнү сунуштагам. Бирок ИИМ азыркы киберкылмыштуулукка каршы бөлүмдү күчөтүү туура болот деп эсептейт. Азырынча бул сунушка макул болдум.
Алдамчылык эбак эле мамлекеттердин чек арасынан чыгып кетти. Кылмышкер дүйнөнүн каалаган жеринен адам менен байланыш түзө алат. Ошондуктан ага каршы эл аралык деңгээлде да күрөшүү керек.
Мындан тышкары, жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жатам. Ал да көп талаш жаратат деп ойлойм. Айрымдар кароосуз калган жаныбарларды жөн эле атып жок кылуу керек дешет. Бирок атып жок кылуу көйгөйдү чечпейт.
— Анда сиз эмне сунуштайсыз?
— Биринчи кезекте үй жаныбарларын электрондук маалымат базасына милдеттүү түрдө каттоону жана чип орнотууну сунуштайм. Кароосуз калган жаныбарларды кармап, аларга чип орнотуп, атайын баш калкалоочу жайларга жайгаштыруу керек. Азыр бизде мындай жайлар жок.
— Бирок социалдык муктаждыктарга да акча жетишпей жатканда, Министрлер Кабинети мындай чыгымдарга барабы?
— Түшүнөм, көптөр: «Адамдарга акча жетпей жатса, силер жаныбарларга каражат коротууну сунуштап жатасыңар», — дешет. Бирок жаныбарларды атып жок кылууга да аз эмес акча кетет. Менимче, ошол каражатты баш калкалоочу жайларды түзүүгө жана жаныбарларды жаңы ээлерине берүүгө жумшаган жакшы.
Атайын тиркеме иштеп чыксак болот. Ал аркылуу адамдар жаныбарларын каттап же багып алуу үчүн мышык, ит жана башка үй жаныбарларын таба алышат.
Ошол эле учурда өтө көп жаныбарды көзөмөлсүз багууга да чектөө киргизүү керек. Өздөрүн жаныбарларды коргоочубуз деп атап, үйүнө ондогон иттерди чогултуп алган адамдар бар. Алар антисанитардык шарттарды түзүп, кошуналарына тоскоолдук кылышат. Андан тышкары, мындай шартта жаныбарлар өздөрү да жабыркайт.
Билем, ушул сөздөрүмдөн кийин айрым зоокоргоочулар мени сындай башташат. Бирок мен жаныбарларды атып жок кылууга каршымын. Мындай ээлерден жаныбарларды алып, атайын баш калкалоочу жайларга жайгаштыруу керек. Жаныбарларды коргоо аларга ырайымсыз мамиле кылууга же кошуналардын укуктарын бузууга алып келбеши керек.