Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Эмнелер талкууланат?

01.09.2026 | 10:00
Сегодня в Бишкеке пройдет саммит Шанхайской организации сотрудничества. Что обсудят? — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны жана «ШКУ плюс» форматында жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.

Иш-чараларга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Монголия, Того, Түркия, Лаос, Вьетнам жана Мисир өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Мындан тышкары эл аралык уюмдардын: ШКУнун Башкы катчылыгынын, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү катышат.

Жыйындарда жетекчилер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган документтерге кол коюлат.

Ал эми “ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жолугушууда БУУнун координациялоочу негизги ролун жана эл аралык укукту бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүү боюнча пикир алмашуу болот.

Белгилей кетсек, бул саммитте Кыргызстан ШКУдагы төрагалыгын жыйынтыктайт. Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө.

Scroll to Top