Ажылык сапардын баасы бир адам үчүн 3350 доллар деп бекитилди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.
500 доллар төлөп, ажылык серверге катталган адамдар калган 2850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейин РСК Банк аркылуу төлөөгө тийиш.
“Сауд Аравия Падышачылыгы виза, медициналык камсызданырууну акылуу кылып, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйылкы жылы жогорулады”, — деп жазылат Муфтияттын маалыматында.
Белгилей кетсек, өткөн жылы ажылыктын баасы 3000 доллар деп белгиленген. Ал эми 2018-жылы 2890 доллар болчу.
Сауд Арабвиясы Кыргызстанга быйыл 6110 квота бөлгөн.