Бишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алынды
Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болду
24.06.2026 | 17:57

Бишкекте 58 жаштагы аял HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болду. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Окуя бүгүн, 24-июнда, саат 15:05 чамасында Л. Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Мекеменин маалыматында, кырсык маркум аял жолдун белгиленбеген жеринен өтүүгө аракет кылган учурда болгон. Аял унаанын алдынан чыкканын айдоочу байкаган эмес, себеби ал көрүнбөгөн аймакта калган.
Учурда бул факт боюнча Милициянын кайгуул кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Бишкек, жол кырсык