Садыр Жапаров Ат-Башы районун өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүүнү тапшырды

Бүгүн, 24-июнда, өлкө башчы Садыр Жапаров Нарындагы сапарында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечекте пландалган долбоорлор менен таанышты. Анын жүрүшүндө Жапаров райондун инфраструктурасын жана социалдык тармагын чыңдоо үчүн келерки жылы республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүүнү караштырууну тапшырды.
Жыйыда райондун акими Мухтар Шербаев аймакты өнүктүрүү боюнча сунушталган жаңы демилгелерди тааныштырган. Бул долбоорлордун алкагында Ат-Башыга төмөнкү объекттердин курулушу каралып жатканын билдирген:
- Кардиология борбору;
- Калкты тейлөө борбору жана санариптик борбор;
- Мал чарбачылыгын комплекстүү өнүктүрүү станциясы жана заманбап мал базары;
- Борбордук стадион;
- Үй-бүлөлүк эс алуу паркы.
Ошондой эле район акими аймакта буга чейин жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, акыркы төрт жылда райондо 910,9 млн сомдук 17 объект ишке ашырылган. Анын ичинде 2 мектеп, 5 бала бакча, 2 спорт залы жана асфальт-бетон заводу бар. Жол инфраструктурасы боюнча 68 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 2 көпүрө курулган.
Мындан тышкары ирригация тутумун жакшыртууга 61,5 млн сом багытталган. Учурда «Сары-Гоо» насостук станциясын реконструкциялоо жана «Чет-Келтебек» бассейнинин, ошондой эле бир катар ирригациялык каналдардын курулушу жүрүүдө. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Кара-Суу, Жибек-Жолу, Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарындагы долбоорлорго 705,5 млн сом жумшалган.
Президент Садыр Жапаров аймактарды өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан системалуу түрдө каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Ат-Башы районуна кошумча каржылоо бөлүүнү тиешелүү органдарга милдеттендирген.